• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Путин менен Лавров Евробиримдиктин санкциялык тизмесине киришти

26 Бирдин айы 2022 0:35 Бишкек Govori.TV

25-февралда Брюсселде Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Орусиянын президенти Владимир Путин менен тышкы иштер министри Сергей Лавровдун активдерин камакка алууну макулдашты.

Бул чара ЕБдин лидерлеринин ушул эле күнкү жыйынында кабыл алынган масштабдуу санкциялардын бир бөлүгү болуп калды.

Тышкы иштер министрлери бул чараларды Орусиянын Украинага чабуулуна жооп катары киргизди. Азырынча Путин менен Лавров мындан канчалык жабыр тартары белгисиз жана ал символикалык мүнөзгө гана ээ экени да маалым эмес.

Мунун алдында Европа Кеңеши Орусиянын уюмдагы мүчөлүгүн убактылуу токтотконун жарыялаган.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 306