Беларусиянын лидери Александр Лукашенко менен Орусиянын президенти Владимир Путин Москвада жолугушту.
Сүйлөшүү эки саатка созулуп, анда алар коопсуздук боюнча кызматташуу темасын талкуулаган.
Путин өз сөзүндө учурда Украинанын чыгышында кырдаал курчуп жатканын белгилеп, Киевди Донбасстын өкүлдөрү менен сүйлөшүү үстөлүнө олтурууга чакырды. Ал Беларус менен Орусия Батыштын санкцияларын азайтуу үчүн биргелешкен аракеттерге барарын кошумчалады.