• Бейшемби 24 Кулжа 2021

Путин менен Рахмон жолукту

9 мая 2021 в 1:48 Бишкек Govori.TV

Россиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Москва шаарында жолукту. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, Путин Рахмонго иш сапары үчүн ыраазычылык билдирип, тажикстандыктардын фашисттик Германияны жалпы жеңишке кошкон салымын белгилеген.

“Иш сапардын жүрүшүндө эки тараптуу мамилелер жөнүндө сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болот. Орусия Тажикстандын негизги соода-экономикалык өнөктөшү бойдон кала бергенин кубануу менен белгилейм. Пандемияга байланыштуу соода бир аз төмөндөгөн, бирок мен аны калыбына келтирип, өнүгөт деп айтууга толук негиз бар деп ишенем”, – деди Путин.

Өз кезегинде Рахмон Путинге чакыруу үчүн рахмат айтып, Жеңиш күнү менен куттуктады.

“Бүгүнкү күндө тажик-орус мамилелер кызматташтыктын бардык тармактарында динамикалуу өнүгүп жатат. Орусия биздин негизги соода-экономикалык өнөктөшүбүз”, – деди Рахмон.

Количество просмотров: 116