• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Путин: Орус тилинин макамын сактоо биз үчүн да, силер үчүн да өтө маанилүү

24 Бирдин айы 2021 21:31 Бишкек Govori.TV

Москвада өтүп жаткан Президент Садыр Жапаровдун иш сапарынын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташтык талкууланып, Садыр Жапаров орус лидерине алгачкы иш сапары Москвадан башталып жатканына кубанычта экенин билдирди жана Путинди Кыргызстанга ырасмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Путин ага ыраазычылык билдирип:

“Биздин эки тараптуу кызматташтыктын дагы бир маанилүү өңүтүн баса белгилегим келет. Силердин өлкө орус тилинин макамын мамлекеттик тил катары сактап калганыңар биз үчүн да, силер үчүн да өтө маанилүү. Айрыкча, кыргызстандыктар үчүн Орусиядан иш табууга бул жакшы мүмкүнчүлүк болуп, кошумча сынактарга киришпейт. Айрыкча, сиздин бул маселеге карата мамилеңиз биз үчүн өтө маанилүү. Биз кыргызстандыктар орус тилин терең өздөштүрүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзөбүз. Буга байланыштуу атайын пландарыбыз бар”, — деди.

Президент Садыр Жапаровдун Москвага иш сапары бүгүн 24-февралда башталды. Ал Орусиянын баш калаасында азыркы тапта Владимир Путин менен жолугуп жатат.

Андан соң Орусиянын өкмөт башчысы, парламент төрайымы жана төрагасы сыяктуу бир катар кызматкерлер менен жолугат.

Иш сапар 25-февралда аяктайт. 

Количество просмотров: 364