• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Путин Пригожиндин «тагдыры оор, таланттуу ишкер» болгонун айтты

25 Баш оона 2023 8:36 Бишкек Govori.TV

Орусиянын президенти Владимир Путин Тверь облусундагы учактын кулашы боюнча үн катып, анда «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин каза болгонун кыйыр түрдө ырастады.

«Пригожинди 90-жылдардан бери тааныйм. Ал тагдыры оор, жашоодо олуттуу каталарды кетирген, ошол эле маалда өз максаттарына жете алган таланттуу ишкер болгон», – деди Путин.

Президент учак кыйраганда каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, Тергөө комитети бул боюнча иликтөө иштерин баштаганын билдирди. Анын айтымында, алдын ала маалыматтар боюнча учакта «Вагнердин» өкүлдөрү болгон.

«Бул окуя боюнча тергөө толук жүрүп, аягына чыгарылат», – деп кошумчалады Путин.

23-августтун кечинде Тверь облусунда Пригожинге караштуу учак кулап түшкөн. Ичиндеги он адамдын баары мүрт кеткен. Росавиация жарыялаган жүргүнчүлөрдүн тизмесинде Евгений Пригожин аттуу киши болгон.

24-августтун таңында куткаруу иштери аяктаганы, кырсык болгон жерде он кишинин сөөгү аныкталганы кабарланган.

«Вагнердин» командирлери Евгений Пригожиндин өлүмүн ырасташты, анткен менен ага жакын Телеграм-каналдар Пригожиндин өлүмүнүн расмий бышыкталышын күтүүгө чакырышты.

Пригожиндин эки ай мурдагы козголоңун эске алганда, орус бийлиги атайылап анын көзүн тазалаган болушу ыктымал деген пикирлер да айтылууда.

Орус аскердик жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган Евгений Пригожин жалданма аскерлери менен 23-24 июнь күндөрү Ростов-на-Дону шаарын басып алып, Москваны көздөй багыт алган. Орто жолдон күтүүсүздөн артка кайтарын жарыялаган. Буга анын телефондон Беларустун авторитардык башчысы Александр Лукашенко менен сүйлөшүүсү түрткү болгон.

Куралдуу козголоң маалында жасаган кайрылуусунда Владимир Путин Пригожинди Орусиянын аскердик жетекчилигин кулатуу үчүн «жеке дымагынан улам мамлекетке чыккынчылык кылды» деп айыптаган. Пригожиндин аракети Орусиянын далысына урулган бычак болгонун белгилеп, «күнөөлүүлөрдүн баары жазасын алат» деп убада кылган.

Количество просмотров: 152