• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Путин Садыр Жапаровго кылыч белек кылды

1 Жалган куран 2021 9:11 Бишкек Govori.TV

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кооздолгон кылыч белек кылды. Бул тууралуу Жапаровдун телеграмдагы баракчасында айтылат.

«Владимир Владимирович Путин дагы Садыр Нургожоевичке баалуу металлдар менен кооздолгон кылыч белек кылганы кызык болду. Президенттик протокол кызматы белектерди дайыма кылдаттык менен ойлонуп, аны ар бир персона үчүн тандап эрте эле камдашат. Эки өлкө президенттеринин бири-бирине курал бериши чоң жана тарыхый мааниге ээ», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, буга чейин Садыр Жапаров «Российская газетага» берген маегинде Россиянын лидери Владимир Путинге кылыч белек кылгандыгын айткан болчу.

Количество просмотров: 203