• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Путин Түндүк Кореяга барууну пландоодо

23 Үчтүн айы 2024 17:11 Бишкек Govori.TV

Орусия президенти Владимир Путин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын чакыруусу менен жакында Түндүк Кореяга барат. Бул тууралуу Кореянын борбордук маалымат агенттиги (KCNA) кабарлады.

«Президент Путин мамлекеттик иштердин төрагасы, жолдош Ким Чен Ын аны ыңгайлуу убакта Пхеньянга келип кетүүгө чакырганы үчүн дагы бир жолу терең ыраазычылык билдирди жана жакынкы келечекте Түндүк Кореяга барууга даяр экенин айтты», — деп кабарлады KCNA агенттиги.

Маалыматты орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков тастыктап, сапардын так датасы азырынча белгисиз экенин айтты.

Буга чейин Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Цой Сон Хуи Орусияга барган. Ал Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Владимир Путиндин да кабыл алуусунда болгон. Орус президентинин басма сөз катчысы алар “эң актуалдуу эл аралык иштер” тууралуу сүйлөшкөнүн билдирген.

Былтыр сентябрда Ким Чен Ын Орусияга барып, президент Владимир Путин, ошондой эле коргоо министри Сергей Шойгу менен жолуккан. Жакында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Пхеньянда болгон.

Количество просмотров: 83