• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Путин ыраазы. Жээнбеков Россиянын президентти менен жолукту

28 Аяк оона 2018 21:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.09.2018.Govori.TV.

Президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Эки өлкөнүн президенттери Тажикстандын Душанбе шаарында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин Саммити алкагында жолугушту.
Алар, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташтыктын келечегин, ошондой эле КМШ, ЕАЭБ жана ЖККУ көп тараптуу кызматташуунун алкагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.
Президент Сооронбай Жээнбеков Президент Владимир Путин менен учурашып, Кыргызстан Россия менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өзгөчө маани берээрин белгиледи.
«Кыргыз-россиялык мамилеси дайыма конкреттүү багыты жана тиешелүү динамизми менен айырмаланып келген. Активдүү саясий-экономикалык диалог ырааттуу негизде колдоого алынып, бардык деңгээлде байланыштар ишке ашырылып жатат», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Ал Россия Кыргызстандын экономикасындагы негизги инвесторлордун бири болуп саналаарын, экономикалык өнөктөштөрдүн арасында биринчи орунду ишенимдүү ээлеп турганын баса белгиледи. Эки өлкө ортосунда товар жүгүртүү өсүп жатканы байкалууда.
Президент Владимир Путин Сооронбай Жээнбеков менен жолугушканына жана Саммиттин алкагында эки тараптуу маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө канааттанганын билдирди.
«Биздин эки тараптуу байланыштар ырааттуу өнүгүп, буга чейинки жолугушууларда макулдашылган бардык пландар аткарылып жатат. Бүгүн биз дагы бир сыйра салыштырып, иш жүзүндө кандай болуп жаткандыгын тактап көрсөк болот. Россия Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндө биринчи орунду ээлейт. Өткөн жылы өлкөлөрүбүз ортосундагы товар жүгүртүү 30 пайыздан ашуунга өстү. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Мына ушул жакшы динамиканы сактап калыш үчүн кошумча түрдө дагы эмне жасасак болоорун карашыбыз керек», — деп белгиледи Владимир Путин.
Тараптар бүгүнкү жолугушуу эки тараптуу кызматташуунун эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибинде турган маселелерди сезилерлик алдыга жылдырууга мүмкүнчүлүк бере турганын баса белгилешти.
Количество просмотров: 27