Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан, Тажикстан президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун жолугушуусу тууралуу айтты.
«Согуштук кадамдарды кайрадан жандандырбаганга болгон чаралар көрүлүп жана дагы бир абдан маанилүү нерсе — качкындардын кайтып барышы тууралуу тараптардын тиешелүү кадамдарды жасашы сүйлөшүлдү. Эки тараптын тең тиешелүү документтерди жана бул көйгөйдү чечүү боюнча өздөрүнүн сунуш-пикирлерин бизге берери боюнча макулдаштык. Колубузда болгон документтерди маселени чечүү жолдорун издеп колдонууга аракет кылабыз. Алар, балким, макулдашууга негиз болуп береттир. Чек аралары боюнча маалыматтар мурдагы союздук республикаларга караганда Москвада көбүрөөк экендигин айтып жатам. Карталарды, документтерди көтөрөбүз», — деди Путин.