• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Путин Жапаровду куттуктады

11 Үчтүн айы 2021 14:22 Бишкек Govori.TV

Россиянын лидери Владимир Путин президенттик шайлоодо эң көп добуш алган талапкер Садыр Жапаровду жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Кремлдин сайтында жазылган.

«Урматтуу Садыр Нургожоевич, президенттик кызматка шайланышыңыз менен чын дилден куттуктоомду кабыл алыңыз. Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы мамиле стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мааниге ээ. Россия менен Кыргызстандын ар кандай тармактагы кызматташтык жана ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ, ШКУнун алкагында конструктивдүү өз ара аракеттешүү боюнча тажрыйбасы мол. Сизге ийгилик, бекем ден соолук жана бакубатчылык каалайм», — деп жазылат маалыматта.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекетти башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум 10-январда өттү. БШКнын сайтында электрондук үкөктөрдөн автоматтык түрдө саналган добуштардын пайыздык көрсөткүчү жарыяланууда.

Талапкерлердин арасынан Садыр Жапаров атаандаштарынан кыйла алдыда. Саат 21:00дөгү маалыматка караганда аны шайлоочулардын 79% көбүрөөгү колдоду.

Адахан Мадумаров — 6,60%, Бабыржан Төлбаев — 2,31%, Мыктыбек Арстанбек — 1.66%, Абдил Сегизбаев — 1.46%, Имамидин Ташов — 1.19% добуш ашылса калган талапкерлерлин добуштары 1 пайыздан төмөн болду. Ал эми баарына каршы  шайлоочулардын 1,32% өз добушун берди.

Мамлекеттик башкаруу формасын аныктаган референдумда президенттик башкарууну колдогондор — 81% ашат. Парламенттик башкарууну жактагандар 10,78%. Экөөнө тең каршылар 4,41%.

Бул акыркы эсеп эмес, сандар улам жаңыланууда. Буга кошумча, кол менен санай турган бюллетендер да бар. 3 563 574 жаран добуш берүүгө укуктуу. Алардын 1 581 569у шайлоого катышты.

Количество просмотров: 731