• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Путин Жапаровду туулган күнү менен куттуктады

6 Бештин айы 2022 10:24 Бишкек Govori.TV

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин өлкө башчы Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

«Россия өлкөлөрүбүздүн ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү, евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерди алдыга жылдыруу, ошондой эле КМШ, ЖККУ жана ШКУ алкагындагы өз ара аракеттенүү боюнча аракеттериңизди жогору баалайт», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Россиялык лидер Россия менен Кыргызстандын дос элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча диалогдун жана биргелешкен иштин уланышына ишенет.

Россиянын президенти Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалады.

Количество просмотров: 144