• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Путин Жапаровго куттуктоо жолдоду

6 Бештин айы 2023 9:56 Бишкек Govori.TV

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин бүгүн, 6-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.

«55 жашыңыз менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоомду кабыл алыңыз. Сиз мамлекет башчысы катары ишмердүүлүгүңүз менен мекендештериңиздин жогорку урматына жана олуттуу эл аралык авторитетке ээ болдуңуз. Биздин өлкөлөр ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү, ошондой эле КМШ, ЖККУ жана ШКУ алкагында конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө сиздин жеке салымыңыз жогору бааланат. Сиз Россиянын жетекчилигинин эки тараптуу мамилелердин бардык багыттарында активдүү биргелешкен ишти улантууга даяр экендигине таянсаңыз болот. Сизге чын дилимден чың ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалайм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Белгилей кетсек, бүгүн өлкө башчы Садыр Жапаровдун туулган күнү, ал 55 жашка чыкты.

Количество просмотров: 62