• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Үрөй учурган жол кырсык: Төрт адам жабыркап, экөө каза болду

12 Бугу 2021 18:00 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 86-чакырымында Lexus RX-350 жана Volkswagen Passat үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан.

«Кырсыктын кесепетинен 50, 48, 27 жаштагы кишилер жабыркаган. Ал эми 2016-жылы туулган Ж.Б. аттуу кичинекей бала да ооруканага жеткирилген. Андан тышкары, 1973-жылы туулган Р.А. жана 1991-жылы туулган Ш.Р. аттуу эки аял каза болгон»,-деп айтылат маалыматта.

Жерине куткаруучулар тартылып, маркумдардын сөөгүп унаадан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган жарандар тез жардам кызматынын унаасында райондук ооруканага жеткирилген.

Количество просмотров: 7804