• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Р. Карасартова: «Мамлекеттик структурада кол койгонго жетекчи калбай калды»

3 Кулжа 201913:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек.03.06.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 3-майда жарандык активисттер Биринчи май райондук сотунун митинг өткөрүүгө тыюу салганына карабай, коррупцияга каршы ак үйдүн алдына нааразычылык акциясына чыгышты жана бир катар талаптарды коюшту.
Анын ичинде:
УКМКдан тергөө амалдары алынып салуу;

Коррупцияга байланыштуу соттук отурумдарды ачык өткөрүү;

Президенттин катышуусунда, ишкерлер жана жарандык активистердин биргелешкен тегерек столун өткөрүү;

Жарандык активист Р.Карасартованын айтуусунда коррупция менен чындап күрөшүү болбосо мамлекеттин бюджетине акча аз түшүп, айлык, пенсия боюнча кайрадан маселе жаралып, эл көтөрүлүп чыгышы мүмкүн”,-деди Р.Карасартова.

Белгилей кетсек, жарандык активисттердин бүгүнкү митингге чыгуусуна «Азаттыктын» коррупция боюнча даярдаган акыркы журналисттик иликтөөсү түрткү болгон.

Количество просмотров: 71