• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Р.Момбеков: Жаңы өкмөткө жалаң эле «б/у» министирлер келиптир

20 Чын куран 2018 16:07 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 20.04.2018.Govori.TV.
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков жаңы өкмөттүн курамына ичи жылыбай турганын айтты. Ал парламенттин бүгүнкү жыйынында сүйлөп жатып «жаңы өкмөттүн курамы да, курагы да жакпаганын» билдирди.
«Келе элек өкмөттүн бере элек чайына ийгилик каалабайын, балдардын өкмөтү бат эле кетти. Эми чапанын сүйрөгөн чалдар келиптир. Жаңы өкмөт деп жакшы сөз айтайын десем, жалаң эле «б/у» өкмөт келиптир. Сиздин биринчи вице-премьериңиз курулушчу, экинчиси милиционер, үчүнчүсү географ, төртүнчүсү тарыхчы экен. Экономиканын эбин кантип табасыз»,- деп суроону жаңы премьер-министирге узатты Момбеков.
Бүгүн парламентте өкмөттүн жаңы курамы сунушталды, өкмөттүн программасы, тутуму жана курамы каралды.
Сунушталган өкмөттүн курамы:
  1. Премьер-министр – Мухаммедкалый Абылгазиев;
  2. Биринчи вице-премьер-министр – Кубатбек Боронов;
  3. Вице-премьер-министр – Замирбек Аскаров;
  4. Вице-премьер-министр – Жеңиш Разаков;
  5. Вице-премьер-министр – Алтынай Өмүрбекова;
  6. Өкмөттүн аппарат башчысы – Мурат Мукамбетов;
  7. Экономика министри – Олег Панкратов;
  8. Каржы министри – Адылбек Касымалиев (буга чейин иштеп келген);
  9. Айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министри – Нурбек Мурашевге (буга чейин иштеп келген);
  10. Транспорт жана жолдор министри – Жамшитбек Калилов (буга чейин иштеп келген);
  11. Билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева (буга чейин иштеп келген);
  12. Юстиция министри – Айнур Абдылдаева (буга чейин иштеп келген);
  13. Тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев (буга чейин иштеп келген);
  14. Ички иштер министри — Кашкар Жунушалиев;
  15. Өзгөчө кырдаалдар министри – Нурболот Мырзахметов;
  16. Маданият, маалымат жана туризм министри – Султан Жумагулов (буга чейин иштеп келген);
  17. Саламаттык сактоо министри – Космосбек Чолпонбаев;
  18. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри – Таалайгүл Исакунова (буга чейин иштеп келген);
  19. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жетекчиси – Улан Рыскулов (буга чейин иштеп келген);
  20. Байланыш жана маалыматтык технологиялар Мамлекеттик комитетинин төрагасы – Бакыт Шаршембиев;
  21. Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет жетекчиси – Эрлис Тердикбаев;
  22. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жетекчиси – Идрис Кадыркулов.

 

Количество просмотров: 42