• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Р.Момбеков: “Эшигимди тарткан дронду кулата атууга жетишпей калдым”

11 Тогуздун айы 2018 14:33 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 11.10.2018. Govori.TV

 

— Рыскелди мырза, акыркы күндөрдө сиздин айланаңызда каралоо компаниясы күч алды. Кимдердин колунан келип жаткан иштер деп ойлойсуз?
— «Ким?» деп башты оорутпай эле, бийлик тараптан болгон таршырма деп билип жатам. Анткени, акыркы кездердеги менин саясаттагы активдүүлүгүм кайсы бир чиновниктерди чочутуп койду окшойт. Күзгү саясат башталганда эле, Өкмөт башчыга айткан катуу сыным, Акыйкатчыны шайлоодогу адилеттүү сын-пикирлерим, андан башка дагы комитеттерде, фракция жыйындарында өкмөт кемчиликтерин көзгө айта баса көргөзгөндөрүм бирөөлөргө жакпай жатканы айдан ачык. Саясатта ушундай да, адамдын аброю же кадыр-баркы калыңдап, урматы узулдап баратканда, басынтып, бир баланста кармап турганга аракет кылып келишкен. Мурунку бийликте деле ушундай терс көрүнүш бар болчу. Азыр деле ошол. Бийликтеги айрым кошоматчылар, жогорку бийликтеги кишилерге жагынгысы келген адамдардын алсыз саясаты болуп жатат бул. Каралоо– бул албетте кастык. Мындайча айтканда, пастык. Укук коргоо органдарында коррупция менен күрөш кандай болуп жатат, көрүп турам. Аларга айткан ачуу сын-пикирлерим, дегеле бүгүнкү турмуштагы ачуу чындыктарды айтканым аларга жакпай жатат. Өтө саясий активдүү болуп кеттим.“Муну чектен чыгып кете электе, ооздуктап коелу, азуу тишине тийгидей катуу-катуу силкип коелу” деген эле аракет экенин мен билип жатам. Бирок, бул менин эмес, элдин кыжырына тийип жатат. Элди аралап бассам, эл мага болгон урматын билгизип жатышат. А алар бийликке болгон элдин жек көрүү сезимин күчөтүп жатышканын билбей жатышат.Мындай ыкмалар Акаевдин, Бакиевдин убагында деле болгон. Ачык эле айтайын. Бакиевдин маалында бийликке сын айткан жагынан мен эч кимди алдыма салган эмесмин. Мындан да ачуу сындарды айтчумун. Бирок, алар мындай кастыкка, пастыкка барган эмес. Жасалма иштерди жаап, коркутуп-үркүтүп, камап коюу иштери болгон эмес. Ойлоп көрсөм, ал кезде бир аз адилеттүүлүк болгон окшойт.
— Президент менен мамилеңиз кандай? “Ал киши менен мамилебизди бузгусу келип жатышат” деп жатасыз?
— Мени “эмне үчүн бул эки жакка тең калыс жүрөт, бир жагына кетиш керек, мурдагы президент Атамбаев менен же, азыркы президент Жээнбеков менен калыш керек, саясий позициясын тандаш керек” деп, мени бир жагына ныгырып жатышпайбы. Мен андай эмесмин. Акыркы кездердеги саясаттын нугун байкап көрсөм, мени кайсы бир адамдар президент Сооронбай Жээнбеков менен кайраштырганга аракет кылып жатышат. Жээнбеков өзү деле айтып жүрөт, мен деле айтам, мен ал киши менен 20 жылдан бери достук мамиледемин. Болгону, мен ал кишиге чындыкты айтам. Тегерегиндеги болуп жаткан саясат жөнүндө кээде маалымат иретинде айтып кетем. Ал кишиге киргенде, “мындай иштер болуп жатат, тиги адамдар тууралуу мындай кептер кетип жатат, курөш мындай нукта жүрүп жатат, ушуларга көз-назарыңызды сала жүрүңүз” деп кайсы бир тармактык же, аймактык жетекчилер тууралуу өзүмдүн, элдин көз карашын жеткирип турам. Кечээ эле Таласка болгон сапарында коштоп жүрдүм. Бул дагы президенттин мага болгон мамилесин айгинелейт.А тегерегиндегилер мени душман көрүп жатышабы же, ал кишиден мени алыстатайын деп атышабы, мага каршы кара пиар ошолордун айынан болуп жаткан чабуул деп эсептейм.
Президент менен дагы, Өкмөт башчы менен дагы жаман-жакшы айтышкан эмесмин. МухаммедкалыйДүйшекеевичке деле айтам, “башка депутаттардай болуп, кошомат кылып айта албайм, мактай да албайм, көргөнүмдү көргөндөй айтам, башкалардын арасынан силердин кишиңермин,ачуу чындыкты айтканым сиздин ишиңизге көмөк болот, өкмөттөгү кемчиликтерди мен аркылуу көрүп турасыз, мен сизге күзгү болуп берейин” деп башында деле сүйлөшкөнбүз. Сооронбай Жээнбеков өкмөт болуп турганда деле ошентчимин. Ал тургай ал киши “мен парламентке барганда, башкалар кыйкырганча, сен бакылда” деп өзү суранчу. Ушул саясатымды кээ бирөө тескери кабыл алып, тескери иштерди жасап жатышканы өтө кейиштүү.
— Жакында эле сиздин дипломуңуз тууралуу маселе козгоп, бирок эч нерсе таба алышкан жок. “Эшиктен болбосо, тешиктен кирет” болуп, Сарпашевге кылмыш ишинкайра жандантып, аны да сизге байланыштырганга аракет кылып жатышат. Бул тууралуу эмне дейсиз?
— Сарпашевге козголгон кылмыш ишинде мен күбө катары суралгам. Тайырбектин ал жерде таптакыр тиешеси жок экенин күбө катары далилдеп бергем. “Жарым миллиард сом зыян келген” деп айрым ЖМКлар жазып жатышат. Мен ошол аңкоолорго айтат элем, бюджетке бир тыйын зыян келген эмес.Төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүктү ар бир ата-эне өз акчасына алат. Бюджеттен  акча каралып, бекер бербейт. Анан кайсы жарым миллиард сомду айтып атышат?Мен айтайын, ал кезде мындай болгон. Сарпашев ал кезде вице-премьер-министр эле. Кыргызстанда төрөлгөндөргө бериле турган күбөлүк таптакыр калбай калган. Тендер узакка созулуп кеткен. 3-турда гана тендер болду деп эсептелип, анан утуп чыккан фирма тез аранын ичинде 8 миң нуска күбөлүк жасап бериш керек болчу. Андан ашык чыгарганга мүмкүнчүлүгу жок эле. Анткени, ал басмакананын кубаттуулугу ошончо эле болчу. Ошондо Сарпашев тапшырма берип, “ким жасап бере алат, азыркы тартыштык абалдан ким чыгара алат” деп сүйлөшүү жүргүздү. Ошондо биз – “Учкун” басмаканасы кыйын абалдан куткардык. “Учкунга” тапшырма берилип, зарыл болгон күбөлүктү чыгарып бердик. Бирок, канча бир нускасы жараксыз болуп чыгыптыр. Мен кеткенден кийин, тендерденуткан фирма менен “Учкун” экөө ортодо төлөп беришти, кайрадан чыгарып беришти. Ал жерде мамлекет зыян тарткан эмес. Ошон үчүн кылмыш иши кыскартылган болчу. Эми ошол ишти кайрадан алып чыгып жатканы, “мурунку УКМК тергеген иш” деп Экономикалык кылмыштуулук менен күрөш кызматына берип жатканы, мунун баарын тап берип коюу, коркутуп коюу катары эле кабыл алып жатам. Мен корко турган жерим жок. Мен ал кезде адилет иштегенимди далилдеп бере алам. Кагаз түрүндө дагы, Кудай алдында, сот, акыйкат алдында дагы далилдеп бергенге даярмын. Эгерде, ошол иш боюнча мага кандайдыр бир айып тагыла турган болсо. Эч бир кылмыш жок ал жерде.
— Үйүңүздү, мүлкүңүздү, байлыгыңызды тартып, коомчулукка жар салуу аракеттери да болду…
— Баарынан дагы ошого таң калам. Менин эшигимдин алдына келип алып, учуучу дрон менен тарткан абийирсиздик. Мен жетишпей калдым. Балдарым айтышты, “эшик алдында кичинекей самолет учуп жүрөт” деп. Чыксам, дрон менен тартып атышыптыр. Чуркап кирип, мылтыгымды алып чыгып, атып салганга жетишпей калдым. Дронун кулата атайын дегем.Журналисттер качып кетишти. Менин артымдан аңдуу, тыңшоо койгудай, мен мамлекетке коркунуч туудурган киши эмесмин го. Тескерисинче, мен коррупционерлерге коркунуч келтирип жатам. Адамдардын ичи тардыгына, көр пенделигине таң калам. Менден дагы корнучутуу адамдар бар, алар коррупционерлер. Менден, менин тилимден корккон коррупционерлердин иши мунун баары. Аларды алыстан эле сезип, көрүп, билип турам. Убагы келет, алар кимдер экенин угасыңар. Бир нерсе бар, мурунку президенттерди кимдер саткан? Эң жакын, жанындагы адамдары саткан. Азыр деле Жээнбековдун мөөнөтү бүткөндөн кийин, аны саткандар азыр мага кастык кылып жаткан адамдар болот. Билип койгула.
— Сизди “КСДП фракциясынан чыгарат” деген да маалыматтар айтылды. Фракциянын ичинде деги эмне болуп жатат?
— Өткөн жумада төрага Дастан Жумабеков менен иш-сапарында Таласта болуп, менин демилгем менен башталып, ачылып жаткан “Чыңгыз Ордо” комплексине капсула салуу аземине катыштык. Анан мен айылдагы асфальт жолдун курулушу боючна сүйлөшүү үчүн калып калгам. Андан кийин шаарга келейин деп жатсам, Президенттик аппараттан чалышты. “Президенттин иш-сапары Таласта болгону жатат, сиз дагы катышууңуз керек” дешкенинен, дагы калып калдым. Ошентип, 4 күн шаарда болбой калдым. Ошол маалда “Момбековду КСДПдан чыгаруу маселеси көтөрүлдү, жакында каралыш мүмкүн” депушак чыгып кетиптир. Бул деле жанагы мага карата болуп жаткан кара пиардын катарындагы нерсе экен. Өзүмө-өзүм ишенбей, кечээ эртең менен фракция лидери Иса Өмүркуловго кирдим. Ал дагы таң калды. Мындай болушу мүмкүн да эмес. Себеп да жок. Дегеле, эгер Момбековду фракциядан чыгаруу маселесин фракцияга сала турган болсо, анда эл фракцияны саясаттан чыгарып коюшу мүмкүн. Анткени, фракциядагы кадыр-баркым, аброюм калың экенин мен жакшы билем. Чыгарса, фракция өзү шылдың болот, чыгаруу өтө кыйын болот. Чыгарам деген киши өзү чыгып кетиши мүмкүн болот.

Булак: «Азия Ньюс»

Количество просмотров: 15