Бишкек. 09.06.2018.Govori.TV.
Бишкекте 20 жаштагы Бурулай Турдаалы кызынын окуясына байланыштуу акция өттү Ага коомдук уюмдун өкүлдөрү, жарандык активисттер, белгилүү чыгармачыл адамдар катышты. Ошондой эле иш чарага экс-президент Роза Отунбаева келип сөз сүйлөду.
«Бүгүн мына жаап жаткан жамгыр Бурулай үчүн ыйланган ый. Биз ушул кыздарды ала качканыбызды токтотушубуз керек. Кыргыздын эркектери кор болгон ар бир аял үчүн күнөөлүү. Кыргызстандагы аялдарды тең көрбөйсүңөр. Ансыз да силерге тийбей калды кыргыз кыздары. Эже-сиңдилер силерде да күнөө бар. Ушундай татынакай кыздардын кетип жатканына күнөөлүүсүңөр. Эмнеге карап отурабыз ушундай болуп жатса. Отур, отурбасаң бактысыз болосуң», деп болбой отургузуу — аялдардын күнөөсү», — деди Отунбаева.
Акция Уркуя Салиеванын эстелигинин жанына кыз-келиндер өз укуктарын коргоп митингге чыгышты. Алар колдоруна каза болгон 20 жаштагы Бурулай Турдали кызынын сүрөттөрүн көтөрүп алышкан.