• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Р. Рысалиев, депутат: “Мыйзамдар туура иштегенде Сатыбалдиев рецидивист болмок!”

16 Бугу 2018 15:50 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 16.05.2018. Govori.TV
“Кыргызстанда мыйзамдар туура, так иштегенде сиз №1-рецидивист болмоксуз”. Бул сөздү ЖКнын жыйынында экс-премьер министр Жантөрө Сатыбалдиевге карата депутат зарылбек Рысалиев айтты.
Эл өкүлүнүн пикири боюнча, Жантөрө Сатыбалдиев кайсы жакка барбасын, артын чуу ээрчип жүрөт жана бир да жолу жоопкерчиликти мойнуна албайт.
“Сиз абдан акылдуу, сак, куу кишисиз. Сиз кай жерге барбаңыз артыңыздан суу калат. Менде да материалдар бар, прокуратурага берем. “Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат” деген кеп бар. Сизге ийгилик каалайм”,-деди депутат.
Эске сала кетсек, парламентте ТЭЦтин авариясы менен модернизациясын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланууда.
Количество просмотров: 13