• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Р.Жээнбеков: «Эки президенттин достугу толугу менен үзүлдү» (видео)

22 Тогуздун айы 2018 14:17 Бишкек Govori.TV
Бишкек.22.10.2018.Govori.TV.
Эки президенттин достугу толугу менен үзүлдү. Бул туурасында саясатчы Равшан Жээнбеков «GOVORI.TV» мультимедиалык маалымат агенттигине билдирди.
«Бүгүнкү күндө жаңы президент менен мурунку президенттин саясий тиреши туу чокусуна келип жетти. Эмки кадам Атамбаев өзү калып атат, Президент жана анын тегерегиндегилер чечим кабыл алса экс-президент Атамбаевди камашка мажбур болушат. Кандай кылып камаганга аракет кылат, ал башка маселе, анткени кандайдыр бир далилдерди алып чыгыш керек, кандайдыр бир официалдуу күнөөлөрдү коюш керек. Анан Жогорку Кеңештин уруксатын алыш керек, мыйзам боюнча ошондой жолдор калып калышы мүмкүн да. Ошол гана калды. Калганын барын бүгүнкү бийлик менен мурдагы бийлик ал жолду басып өттү. Эми мындан ары эки президенттин дос катарында, бийликке алып келген президент катарында жана бийликти түзгөн президент катарында байланышы толугу менен үзүлдү десе болот»,-деди Жээнбеков.

 

Количество просмотров: 12