• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Рада Туманбаева: Кыргызстан сымап өндүрүү, колдонууда дүйнөлүк эрежелерден артта калууда

16 Аяк оона 2019 12:52 Бишкек Govori.TV

Жылына дүйнө жүзү боюнча 9 миң тоннага чейин сымап атмосфера,топурак жана сууга аралашып жаратылышты булгайт. Алар негизгинен алтын казып алууда, көмүрдү пайдаланууда, түстүү металды жана цементти өндүрүүдө ошондой эле, тиричиликте колдонгон таштандылар: батарейка, сымап бар лампа, желим баштыктар аркылуу жаратылышты коркунучка кептеп жатат. Ал миңдеген жылдарга жаратылышты ууландырып, адам ден соолугуна терс таасирин берет, деп экологдор коңгуроо кагышат. Сымап көйгөйүн чечүү үчүн дүйнөнүн 128 мамлекети Минамат конвенциясын кошулуп, 90 ашык мамлекет ал документти ратификациялаган. Кыргызстан болсо ушул жылдын аягына чейин Конвенцияны парламентте карай турганын депутат Рада Туманбаева билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан учурда кечигип жатат. Себеби, Минамат конвенциясынын талаптары боюнча 2020-жылдан тарта сымап курамында бар буюмдардан, аны өндүрүү жаатындагы иштерден толугу менен конвенцияны кабыл алган мамлекеттер баш тартууга туура келет. Мындан улам, Кыргызстан ошол таштандылар кире турган мамлекет болуп калуу коркунучу бар-деп эсептейт Рада Туманбаева.

Количество просмотров: 163