• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Радиожыштык иши: Араев 12-январга чейин камакта калды

18 Бештин айы 2020 17:26 Бишкек Govori.TV

Өкмөттүк аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары деңгээлиндеги коргоо, тартип жана чукул кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Азамат Араев 12-январга чейин камакта калды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык Араевдин бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту аныктап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына киргизилди.

Азамат Араев 2018-жылы 6-апрелде бөлүм башчы болуп, 28-мартта ошол кездеги өкмөт башчы Мухамметкалый Абылгазиевдин буйругу менен мурдагы кызматы менен кошо өкмөттүк аппарат башчысынын биринчи орун басарлыгына дайындалган. УКМК аны радио жыштыктарын сатуудагы айрым мамлекеттик органдардын жана өкмөттүк аппараттын кызматкерлеринин радио жыштыктарды сатуудагы коррупциялык иштер бонча 15-декабрда кармап, камакка алган.

Количество просмотров: 155