• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Раев: Өткөн залкарларды бүгүн кайра бир жолу жоготкондой болуп турабыз

22 Чын куран 2020 10:00 Бишкек Govori.TV

Акын Элмирбек Иманалиев менен коштошуу зыйнаты Тунгуч кичи районундагы өз үйүндө өтүп жатат.

Иш-чарага катышкан драматург, өлкө президентинин кеңешчиси Султан Раев Сооронбай Жээнбековдун атынан сөз сүйлөп, бул кыргыз эли үчүн орду толгун жоготуу экенин белгиледи.

“Президент өзү келейин деди эле, бирок азыркы кырдаал ушундай болуп калды. Бүгүн элибиз, чыгармачыл чөйрөбүз бир канатынан ажырады. Буга чейинки кыргыздан өткөн залкарларды бүгүн кайра бир жолу жоготкондой болуп турабыз. Бүгүн биз кыргыздын ак сөөктөрүнүн бирин узатып жатабыз. Бүгүн биз Кетбуканы, бүгүн биз Алыкулду, бүгүн биз Тыныбекти, бүгүн биз Саякбайды, Сагымбайды, бүгүн биз Жеңижокту, Барпыны, Токтогулду, Эстебести акыркы сапарга узатып жатабыз. Анткени Элмирбек ошол таланттардын баарын өзүнө камтып жүрчү”, — деди Раев.

Количество просмотров: 211