• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Султан Раев: Спорт биздин мекенге болгон сезимибизди, мекенчил касиетибизди ойготту

11 Баш оона 20243:46 Бишкек Govori.TV

Жазуучу, драматург, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы  Султан Раев фейзбуктагы баракчасына Париж жана Олимпиада деген темада ой толгоосун жазып, спорттун күчү, кыргыздын мүнөзүнө токтолду.

Бир жумадан бери дүйнөнүн байрагы сүйүүнүн улуу шаарында желбирди. Ошол туулардын катарында кыргыздын кызыл желеги желбиреп турат. Спорт — күчтүн гана эмес, эң оболу духтун күрөшү, ички моралдын күрөшү. Бүгүн биз бири-бирибизге ар кандай сөз жаадырбай, улуу спортту түшүнүүнүн маданиятына келдик. Париж олимпиадасы биздин чыныгы жүзүбүздү ачты, ал жүз кыргыз мүнөзү! Эгерде кыргыздын духу, руху деп, куру сезим менен оозубузду кургак чөп менен арчысак, анда али да болсо биз табияттан бүткөн касиетибизди аңдабаган болобуз.” Күч атасын тааныбайт” дейт кыргызда, бу улуу сөздүн төркүнү күчтүн бийик моралында жатат. Күч качан гана элди бир булчуң, бир муштум сезимге бириктирсе, биз күчтүн улуу касиетин сезебиз!

Бу спорт биздин мекенге болгон Чыныгы сезимибизди, мекенчил касиетибизди ойготту! Уул-кыздарыбыздын Улуу Жеңиши, Улуу секиси ушу болду. Спортчуларыбыз күчтүн кааруусун эмес, кыргыз мүнөзүнун кылыч мизиндей күчүн көрсөттү! Ошол мүнөздө кыргыз руху, улут духу, менталитетти жатат, улут да, мамлекет да ушул башаттан башталат… Бул жеңиш кыргыз мүнөзүнүн жеңиши болду! Эчен кылым карыткан күчүбүздүн сакралдык касиети да, кыргыздын кыргыздыгы да ушул канатта, ушул аманатта жашап келет! Улут качан жоголот, улут майдачыл сезимдин туткунунда калганда! Баарынан бийик болуу бу күч менен өлчөнбөйт ал сапат менен өлчөнөт! Кишиден адамга, жарандан атуулга, жерчилдиктен мекенчилдикке, уруудан улутка, саясаттан аң-сезимдүүлүкө өсүп жетүүбүздүн өзүндө да нукура улут мүнөзүнүн калыптанышы турат…

Ошол бийик түшүнүктүү кыргыз спортчулары дагы бир жолу акылыбызга гана эмес, жүрөгүбүзгө салды!

Париж адам цвилизациясынын борбору, ошол борбордо кыргыздын карапайым уул-кыздары Улутун даңктап олтурат. Алтындан өйдө турган улут намысынын желегин бийик көтөрдү!

P.S. Бул ойду жазууга бардык спортчуларыбыздын, айрыкча Мээрим менен Мунарбектин жеңиши түрткү берди…

Количество просмотров: 1487