Полковник Жапаров Рахатбек Үсөнбекович Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка 16-октябрда премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.
Рахатбек Жапаров буга чейин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын каржы-чарба башкы башкармалыгынын жетекчиси кызматын аркалап келген.