• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Рахматулаев: Ооруканалардын даярдыгы былтыркыга салыштырмалуу бир топ жакшы

9 Теке 2021 11:30 Бишкек Govori.TV

«Ооруканалардын даярдыгы былтыркыга салыштырмалуу бир топ жакшы. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча COVID-19 менен ооругандар үчүн жетиштүү орундар бар. Ошондой эле запастагы керебеттер дагы каралган», — деди Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө республиканын 78 ооруканасында 5888 керебет (Бишкек шаарында 2153) COVID-19 менен ооругандар үчүн жайгаштырылган. Анын ичинен 452 реанимациялык орундар бар (158 Бишкекте). 9-июлга карата 223 бош орундар бар (Бишкекте 48 орун). Ошондой эле өлкө ичинде 2190 керебет резервде турат.

«Ошондой эле кечээ, жугуштуу оорулар ооруканасынын жана Медициналык академиянын базасында 190 кошумча керебетти кеңейттик. Анын ичинен 20 реанимациялык орун. Ооруканаларда 8000ден ашык кычкылтек концентратору жана 850 жасалма желдеткич аппараттары бар. Бүгүнкү күндө 5432 кычкылтек концентратору жана 457 желдеткич иштеп жатат», — деди ал Джалалидин Рахматулаев.

Количество просмотров: 89