• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Рахмон менен Жапаров кол кармашып саламдашкан жок

13 Тогуздун айы 2022 21:37 Бишкек Govori.TV

Астанада Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин VI саммитинин алкагында Россия, Кыргызстан жана Тажикстан президенттеринин жолугушуусу өттү.

Жолугушууга кечигип келген Эмомали Рахмон Садыр Жапаров менен кол кармашып саламдашкан жок.

Жолугушууну Владимир Путин баштады. Анда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкеси боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Садыр Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалга кеңири токтолду.

Ал кыргыз тарап талаштуу маселелерди тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү зарылчылыгы боюнча өзгөрүүсүз позицияны карманаарын баса белгилеп, тажик тараптын куралдуу агрессиясынын кесепеттери тууралуу эске салды.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле Кыргызстан кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгын эки тарапка тең пайдалуу болгудай кылып тез арада калыптандырууга ынтызар экенин, бул туруктуулуктун жана ынак коңшулуктун кепили боло тургандыгын белгиледи.

Количество просмотров: 965