• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Рахмон расмий сапары менен Иранга барды

30 Бугу 2022 10:03 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 29-майда расмий сапары менен Иранга барды. Бул тууралуу тажик мамлекет башчысынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Рахмонду Иранга Тажикстандын тышкы иштер, энергетика, экономикалык өнүгүү, транспорт жана каржы министрлери, башкы прокурору, ошондой эле бир катар расмий бийлик өкүлдөрү коштоп кетти.

Акыркы айларда тажик-иран мамилелери кайрадан жакшыра баштады. Эки өлкөнүн мамилеси 2015-жылдын аягында кескин начарлап кеткен. Анда Тажикстан Иранды өлкөдө тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу партиясын» колдоого айыптаса, Тегеран Душанбени ирандык миллиардер Бабак Занжани которгон миллиондогон доллардын жоголушуна күнөөлөгөн.

Иран 1991-жылы Тажикстандын эгемендигин тааныган алгачкы өлкө болгон. 2013-жылга чейин Тегеран Душанбенин негизги экономикалык өнөктөшү деп эсептелип келген.

Количество просмотров: 148