• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Рахмондун күтүлбөгөн жерден Путинге сын айтканы талкуу жаратты

15 Тогуздун айы 2022 10:43 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын президенти “Борбор Азия – Орусия” форматындагы алгачкы саммитте күтүлбөгөн жерден Орусиянын аракеттерин сындаган сөз сүйлөдү.

“Советтер союзу кантип кулаганына сиз менен чогуу күбө болгонбуз. Биз ошондо да азыркы учурдагыдай, чакан республикаларга, аз улуттарга жакшы көңүл бөлүнбөгөнүн көрүп жүргөнбүз. Биздин салт-санаабыз, үрп-адаттарыбыз менен эч ким эсептешпеген. Өнүгүшүбүзгө көмөк көрсөтүлгөн эмес. Көңүлдүн баары Ташкент, Алматы, Минск жана Киевге бурулуп турган. А биздей өлкөлөргө сүттү бер, этти өндүр, пахта терип бер деген тапшырмалар берилген,  — деген тажик президенти.

Рахмондун Орусия өз кызыкчылыгына туура келген азык-түлүк жаатында Борбор Азия менен сооданы жандантууда, бирок анын ордуна стратегиялык өнөктөштөрүнө тең мамиле жасабай жатканын кошумчалады.

Рахмондун билдирүүсү социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратууда.

Количество просмотров: 222