• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Раим Матраимов өкүл баласы Бекболот Келдибековго  белекке “Lange Rover «SV Autobiography” жолтандабасын  тартуулаптыр

2 Тогуздун айы 201811:00 Бишкек Govori.TV
Бишкек.02.10.2018.Govori.TV.
Өткөн ишемби, 28-сентябрь күнү экс-депутат Ахматбек Келдибековдун  уулу Бекболот Алматылык Камилла аттуу кыз менен баш кошкон.
Той ээси Ахмат Келдибеков уул-келинине өкүл ата кылып, экс-бажы-башчы Раим Матраимовду койгон.
Тойдо Өкүл ата болуп шайланган Раим Матраимов эки жашка  куттуктоо сөзүн айтып, жаңы уул-кыз тапканын, эми өкүл уулу Бекболотко өз баласындай көз сала жүрөрүн айтып, белекке  “Lange Rover «SV Autobiography” жолтандабасын  тартуулаптыр.
Белгилей кетсек, комплектациясына жараша “Lange Rover «SV Autobiography” жолтандабастын баасы орточо $200.000. түзөт.
 Британ автоөндүрүшүнөн чыккан бул унаанын  кыймылдаткычы 565 аттын күчүнө барабар кубатка ээ. Ордунан козголгондон тартып, 5 секундда 100 км ылдамдыкка чыга алат. Саатына 225 км ылдамдыкты багынтат. 100 чакырымга 13,7 литр күйүүчү май ичет.

Похожее изображение

Похожее изображение

Похожее изображение

 

Булак:kyrgyztoday

Количество просмотров: 41