Бишкек.07.05.2019.Govori.TV.
“3-май күнү Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде “Раим Миллион” бажычылардын курчоосунда туулган күн белгиледи”, –деген маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Govori.TV агенттигине билдирди.
Айта кетсек, маалымат булактарында 3-май күнү “Будда бар” ресторанында кыргыз бажысынын көмүскөдөгү жетекчиси Раим Миллион туулган күнүн белгиледи. Ал 49 жашка толду. Туулган күнгө Бажы кызматынын башчысы Алмазбек Оңолбеков анын орун басары Султан Мамасадыков башында турган бажынын майлуу сүттүү жетекчилери келип ар бири бирден дипломат белек беришкени айтылган. Ал эле эмес, саатына миң доллар акча алган ашпосчу Бурак Өздемир келип тейлегени жазылган.
Жогорку Кеңештин депутаты И.Матраимов жогоруда айтылган кабарды жылмаю менен кабыл алып, “Ошол тейлеген учурдагы сүрөт болсо ишенсе болот. Ал эми жалган маалыматты жазып анан жарнамадагы видеону жайгаштырып коюшканы акылга сыйбаган нерсе”,-деп баалады.
Айтымында, 1-майда Ош облусунун Кара-Суу районунда атасынын урматына спорттук иш-чара өткөрүп, 2-май күнү жакын туугандары жана үй-бүлөсү менен чай үстүндө гана инисинин дарегине куттуктоолорун айтышкан. Искендер Матраимов кошумчалагандай, “Биздин үй-бүлөдө шарап ичилбейт жана туулган күн белгиленбейт”.
Райымбек Матраимов 3-майда 48 жашка толду.