• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

«Раим Миллионго» кылмыш иши козголгонбу? Прокуратуранын жообу

29 Бугу 201917:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.05.2019.Govori.TV.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго «мыйзамсыз баюу» беренеси менен сотко чейинки териштирүү иштери башталды деген маалымат тараган.

Бул маалыматты тактоо максатында Башкы прокуратурага байланышканыбызда: “Райымбек Матраимовго эч кандай жаңы сотко чейинки териштирүү иштери башталган жок. Жогоруда чыккан маалымат чындыкка дал келбейт, буга чейин Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине февралда катталып, каржы полициясы текшерүү жүргузүп жаткан ишти жаңыча берип коюшкан”,-деген жооп алдык.

Белгилей кетсек, ушул жылдын февраль айында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерүүгө киришкен.

Количество просмотров: 18