• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Раиса Атамбаева татар аялдарынын дүйнөлүк съездине катышты

22 Чын куран 2019 18:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.04.2019.Govori.TV.

Раиса Атамбаева 18-19-апрелде Казань шаарында өткөн татар аялдарынын дүйнөлүк съездине катышты. Иш чараны Эл аралык коомдук уюму “Эл аралык татар Конгресси” жана татар аялдарынын коомдук уюму “Ак калфак” уюштурду.

Съездге 27 алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн 500 аял чакырылган. Мурдагы биринчи айым Раиса Атамбаева кадырлуу коноктордун арасында болгон.

Ал Татарстандын президенти Рустам Минниханов менен жолугушуу өткөрдү. Бүгүн, 22-апрелде Раиса Атамбаева Бишкекке кайтып келди.

Количество просмотров: 3