• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Раиса Атамбаевага жолдошу менен жолугушууга уруксат берилди

27 Жетинин айы 201911:32 Бишкек Govori.TV

Раиса Атамбаевага жолдошу менен жолугушууга уруксат беришти. Бул тууралуу мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу билдирди.

Маалыматка караганда, Биринчи май райондук соту Раиса Атамбаеванын суранычын канааттандырып, камактагы күйөөсү менен жолугушууга уруксат берди.

Жактоочулардын билдирүүсүндө, мурунку мамлекет башчы өзүн жакшы сезүүдө. Кармоо шарттарына карата эч кандай нааразы эмес. Мурункудай эле көп китеп окуп, спорт менен машыгып жатат.

Сот мурунку президенттин жубайынын суранычын аткарганы менен, Кадыр Атамбаевдин атасы менен жолугушуусуна уруксат бербей койгон.

Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук айыбы тагылууда.

Булак: 24.kg.

Количество просмотров: 400