20-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду 2 айга камакка алуу тууралуу чечим кабыл алды.
Маалыматка ылайык, Матраимов 18- апрелге чейин УКМКнын тергөө изоляторунда болот. Соттук отурум жабык өттү.
Матраимовдун жактоочусу Мадина Ниязова мындай бүтүм менен макул эместигин айтып, жакынкы 5 күндүн ичинде жогорку инстанцияга бөгөт чарасын өзгөртүүнү сурап кайрылыша турганын билдирди.
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга шек саналып 18-февралда кайра кармалган.
Бул ага каршы козголуп коомчулукка белгилүү болгон экинчи кылмыш иши. Буга чейин Бажыдагы коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, айып пул менен кутулган.