• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Райымбек Матраимов Хабибулла Абдукадыр менен кудалашат

17 Бирдин айы 2021 14:13 Бишкек Govori.TV

Райымбек Матраимов Хабибулла Абдукадыр менен кудалашат. Бул тууралуу «Reporter.kg» сайты өздүк булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, Райымбек Матраимовдун уулу Бакай Хабибулла Абдукадырдын кызына баш кошот. Үйлөнүү үлпөт той Казакстандын Алматы шаарында өтөт.

Эск салсак, 2019-жылы 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору», (OCCRP) анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу адамдын үй-бүлөсүнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар болушу ыктымалдыгы айтылган.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.

Количество просмотров: 246