15-сентябрда Ош шаарынын борбордук стадионунда биринчи жолу «ЕРЕМ» спорт клубунун колдоосу менен кулатуу боюнча дүйнөлүк (WEF) турнири өткөрүлөт.
Ал эми аталган клубдун машыктыруучулары спорт клуб мурдагы Бажы кызматынын төрагасынын орун басары, коомдо «Райым миллионнер» аты менен белгилүү Райымбек Матраимовго таандык экенин жашырышпайт.
«Бул турнирде Өзбекстан, Россия, Азербайджан, Украина, Беларусия жана Кыргызстандын мыкты мушкерлери күч сынашат»,-деп айтылат маалыматта.