Саясатчы Камчыбек Ташиев “Фейсбук” баракчасына “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Бактыбек Райымкуловду сындап, пикир жазды.
– “Республика-Ата Журт” партиясына илешип жүрүп депутат болгонсуз, өзүнчө боло элексиз, болушуңуздан күмөн санайм. Биздин “Ата Журт” партиясы боюнча ооз ачканга моралдык укугуңуз жок, ушул партия бар үчүн парламентте отурасыз, – жазды Ташиев.
Ташиевдин нааразы болушуна буга чейин Бактыбек Райымкуловдун “Азия ньюс” гезитинин шайлоо боюнча суроосуна жооп бергени негиз болгон. Анда депутат “Республикада” бир аз мүмкүнчүлүк бар экенин белгилеп, ал эми “Ата Журт” тууралуу эч нерсе “айта албасын” билдирген.
Ал эми Райымкулов Ташиев жоопту түшүнбөй калып пикир жазганын айтып, эгер дебатка келсе баарын ошол жерден түшүндүрөм деген.