9-10-11-декабрь күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында сегизинчи тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.
Алардын бири 55 жаштагы Элмира Раманкулова, ал Токтогул шаарынан келген.
«Токтогул райондук аялдар кеңешинин төрайымы андан тышкар негизги ишим Медикосоциалдык эксперттик комиссиянын төрайымы болом. Ар кандай долбоорлордун үстүндө иш алып барабыз. Анын ичинде аялдардын саясий дараметин калыптандырып алардын көбү өткөн шайлоодо депутаттыкка талапкер болуп шайланды. Бул тренингден оратордук чеберчиликти үйрөнгум келет», — дейт ал.