• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Рамазан айындагы садак-фитирдин өлчөмү

6 Бугу 20199:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.05.2019.Govori.TV.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы садака-фитирди берүүнүн төмөнкү тартибин бекитти. Бул туурасында муфтияттын расмий сайтында жазылган.

1.Садака-фитир жан башына 1кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) же анын акчалай наркы берилет. Ар бир казыяттардын берген маалыматтарына таянып ар жан башына садака-фитирдин 2019-жылдагы баасы төмөнкүдөй бекитти.

Буудай Мейиз Ун Арпа Курма
Орточо баа 21,87 сом 240 сом 25 сом 15 сом 150сом
Өлчөм 1,600 1, 600 1, 600 3, 200 3, 200
Жалпы
(Садака-фитирдин баасы) 35сом 384 сом 40 сом 48 сом 480сом

Эскертүү: Садака-фитир берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел.

Бааларды туруксуздугуна байланыштуу, садака-фитирди берген учурда 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл бурууңуздарды эскертебиз.


Количество просмотров: 19