• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Ранахан Мадимарова: “Элге кызмат кылуу деген каалом мени депутат кылды”

17 Чын куран 202512:22 Бишкек Govori.TV

11-12-13-апрель күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында он үчүнчү тренингин өткөрдү. Ош шаарында өткөн бул тренингге өлкөбүздүн түштүк аймагынан жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келди.

Алардын бири Ранахан Мадимарова Кадамжай районунун Орозбеков айылдык кеңешинин депутаты, адистиги боюнча финансист.

Ал элге кызмат кылуу деген каалосу анын депутат кылганын, учурда бир топ адамдарга жардам берип келерин айтып берди.

«Кыйын» тренингине катышуу менен ал өзүнүн билимин арбытып, жаңы тажрыйбаларды топтогонун жана аларды башкалар менен бөлүшө турганын билдирди.

Количество просмотров: 444