• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Расмий жабылган Түштүк-батыш көрүстөнүндө маркумду жерге берүү иш-чарасы болуп жатканы айтылды (видео)

6 Үчтүн айы 2021 13:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек мэриясы расмий жапкан Түштүк-батыш көрүстөндүн иши дагы да болсо токтобой жатканы айтылды. Бул туууралуу аталган көрүстөндүн жанында жайгаштан Жер-Ынтымагы конушунун тургуну видео билдирүү жиберген.

Анын айтымында көрүстөнгө сөөк алып келип коюу дагы да уланып жатат. Мындай көрүнүш бүгүн, 6-январда да катталган.

Эске салсак, бул көгөйдү көтөрүп чыккан жашоочулар кечээ, 5-январда да нааразычылык акциясына чыгышкан. Чогулгандардын айтымында көрүстөндүн жабылганына карабастан каза болгондордун сөөгүн коюу болуп жаткан.

Ал эми көрүстөндүн иштерине жоопту жетекчи чогулгандарга жооп берип, болду мындан ары көрүстөндүн иши толук токтоорун айткан эле.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгон буйрукка ылайык, 2021-жылдын 1-январынан тарта Бишкектин четиндеги Түштүк-батыш көрүстөнү жабылган.

Мындай чечимдин кабыл алынышына аталган аймакта сөөк коюуга орундун жок калганы себеп болгону айтылган.

Количество просмотров: 157