• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Расул Умбеталиев: Лицензияны жокко чыгарган жок

26 Чын куран 201915:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.04.2019.Govori.TV.

Эксперт Расул Умбеталиев жакында эле вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун уранды казуу боюнча иш токтотулду, лицензия алынды деген сөзүнө кошула албасын «Govori.TV» агенттигине маек берип жатып билдирди.

«Кечээ Боронов Ысык-Көлгө барып лицензия алынды, иштетүү токтотулду деп жатат. Мен ага кошула албайм. Лицензияны алууда өзүнчө шарттары бар. Жөнөкөй жол менен алынбайт. Лицензияны алуунун бир канча этаптары бар. Биринчиси эле түзүлгөн атайы комиссия уранды иштетүүгө болбойт деген жыйынтык чыгарыш керек»,- дейт Умбеталиев.

Ошондой эле комиссия лицензиянын шарттары бузулгандыгы тууралуу чечим чыгарса, чечим күчүнө кирип “ЮрАзия” компаниясынын лицензиясы жокко чыгарылаарын билдирди.

Эске салсак, 22-апрелде Кызыл-Омпол уран кенинин иши убактылуу токтотулган. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 24-апрелде парламентте уран кенинде иштеп жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы 2004-жылы каттоодон өткөнүн, 2010-жылы кенди геологиялык изилдөөгө уруксат алганын билдирген.

2012-2014-жана 2015-жылы лицензиялык келишим узартылган


Количество просмотров: 22