«Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси менен Мейкинбек Абдалиев Жогорку Кеңешке депутат болуп келди.
Маалыматка ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы Абдалиевге бүгүн ырастама жана төш белги тапшырды.
Белгилей кетсек, Абдалиев Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалган Равшан Сабировдун ордуна келди.
Буга чейин жаңы кызматка дайындалган Сабировдун ордуна Абдыбахаб Боронбаев келери айтылган. БШКнын сайтында жарыяланган шайлоонун жыйынтыгына ылайык, Абдалиев менен Боронбаев бирдей добуш алышкан.
