Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев 31-мартта түз эфирдеги маалымат жыйында Бишкек шаарында зордуктоого кабылгандан 5 айдан кийин өз жанын кыйган 13 жаштагы кыздын окуясы боюнча суроолорго жооп берген.
Ал анда жашы жете элек кыздар бойго жеткен эркектер менен «ыктыярдуу түрдө» жыныстык катнашка барарын, мындан улам «кырсыктар» катталып жатканын айткан. Мындан кийин анын кызматтан кетүүсүн талап кылган митинг өткөн.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев «Айрым кыздар өтө эле ачык кийинип алышат. -деген пикирин айтты. Анын айтымында терс окуяга жол бербөө үчүн,кыздар жабык кийинип жүрүүсү талапка ылайык.