• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Равшан Жээнбеков ден соолугунун начарлашына байланыштуу кайрылуу жасады

27 Үчтүн айы 2023 14:36 Бишкек Govori.TV

Абактагы саясатчы Равшан Жээнбеков башкы прокурорго, юстиция министрине, Кыйноолордун алдын алуу борборуна жана жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуу жолдоду. 

Анда ал ден соолугу начарлап кеткени боюнча билдирген.

“Ден соолугумдун начарлашына байланыштуу сиздерге кайрылып жатам. УЗИ жана анализдер боорумдун абалы кескин начарлап кеткенин көрсөттү. СИЗО-1дин дарыгери менен бирге боор боюнча адиске барганыбызда менин абалым оор экенин тастыктады. Дарыгер квалификациялуу дарылоону жана ооруканага жатууну сунуштады.

Ошондон кийин мен – Юстиция министрлигине караштуу жаза аткаруу кызматынын төрагасына мага Конституцияда, мыйзамдарда, эл аралык нормалар тарабынан кепилденген, жаза аткаруу тутумунун тартиптерине жана жаза аткаруу кызматы менен саламаттык сактоо министрлиги нин келишимине ылайык, атайын дарыланууга мүмкүнчүлүгүн берүү өтүнүчү менен кайрылдым. Бирок жаза аткаруу кызматынын төрагасы А.Эгембердиев жана башкы дарыгери менин квалификациялуу жана адистештирилген дарыланууга мыйзамдуу укугумдан ажыратып жатышат. Жаза аткаруу кызматынын төрагасы менен башкы дарыгери же мени квалификациялуу дарылоого жол бербөө боюнча бийликтин көрсөтмөлөрүн аткарып жатышат, же өздөрүнүн ыйгарым укуктарынан аша чаап жатышат деп эсептейм. Ушуга байланыштуу келечекте менин ден соолугумдун начарлап кетишине А.Эгембердиевди жана жаза аткаруу кызматынын башкы дарыгерин күнөөлөйм.

Ошондой эле акыбалымдын начарлап кеткенин тастыктоо үчүн көз карандысыз дарыгерлер консилиумун чакырууну өтүнөм. А.Эгембердиев жана башкы дарыгери сыяктуу адамдардын айынан ондогон абактагы адамдар мыйзам тарабынан кепилденген өз убагында жана квалификациялуу дарылануу ала албай, абактарда каза болуп жатышат. Көз карандысыз дарыгерлерден турган консилиум түзүүгө жана мага квалификациялуу жана адистештирилген (боор) дарыланууга көмөктөшүүнү суранам. Анткени азыр мен саясий максаттардан улам Гиппократтын антын да аткарбаган жаза аткаруу кызматынын дарыгерлерине ишенбейм”, – деп жазылат кайрылууда.

Количество просмотров: 461