• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Равшан Жээнбеков: «Президентти узурпация менен камаса болот» (видео)

22 Тогуздун айы 2018 15:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.10.2018.Govori.TV.

Президентти узурпация менен камаса болот. Бул туурасында саясатчы Равшан Жээнбеков айтты.
«Бардык башка күнөөлөр боюнча, ошол эле коррупция боюнча же болбосо кандайдыр бир адам укуктарын бузгандыгы үчүн, адатта президенттер камалат. Бирок, алар үчүн далилди табуу кыйын болот. Эгерде бийлик, ошого бара ала турган болсо, анда узурпация боюнча, кайсы гана президент болбосун Кыргызстанда камалганга болот. Анткени бардык президенттер келээри менен узурпацияга өтө алат. Анан  бийликти  Парламентти, өкмөттү  сотторду,  жергиликтүү бийликти жана укук коргоо органдарынын барын басып алат дагы, өздөрү каалагандай алардын барын пайдалана баштайт. Ошондуктан бул боюнча кайсы гана президентке болбосун, бизде далил жетиштүү. КТРК нын эле “Ала-Тоо” программасын алып чыга турган болсо, ошол жерде бардыгы өздөрү жазып, далилди калтырып кетишкен. Тилекке каршы азыркы президент деле ошол жол менен кетип бара жатат. Ошон үчүн узурпация жолу менен камаса болот. Бирок, камай алабы же камай албайбы азыркы бийлик, белгисиз. Анткени өздөрү дагы ошол жолго түшүп алды»,-дейт саясатчы, Равшан Жээнбеков.

 

 

Количество просмотров: 7