Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Сабиров Равшанбек Азатович мурда жүктөлгөн милдетин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы бүгүн, 9-декабрда кабарлады.
Эске салсак, 5-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары Равшанбек Сабировду Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоо боюнча президенттин сунушун талкуусуз колдоп беришкен.
4-декабрда өлкө башчынын Жарлыгы менен Сабиров министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ошол эле күнү бул кызматта иштеп жаткан Жылдыз Полотова башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулган.