Бишкек.08.05.2019.Govori.TV.
Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Талас облусунда жашаган 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алып, Кыргыз Өкмөтүнүн атынан ардагерлерге ыраазычылык билдирип, алардын баатырдыгы жана эрдиги өсүп келе жаткан муун үчүн үлгү экендигин өзгөчө белгиледи.
Жеңиш Разаков согуштун катышуучуларына бекем ден соолук, узак өмүр каалады, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тарабынан социалдык-турмуштук маселелерди чечүүгө зарыл болгон аракеттешүүлөр туруктуу негизде көрсөтүлөрүн баса айтты.
Мындан тышкары вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан материалдык жардам жана эстелик белектерди тапшырды.