• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

RЕакция 5.0. Бишкекте жөө жүрүш өтүп жатат (түз эфир)

24 Тогуздун айы 202212:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-октябрда Бишкек шаарында тынчтык жүрүш өтүп жатат. Акцияга болжол менен жүздөй киши чогулду.

Акциянын катышуучулары Темир жол бекетинин жанына чогулуп, Эркиндик бульвары менен борбордук «Ала-Тоо» аянтына келишти. Чогулгандар колдоруна «Кемпир-Абад биздики!» «Куугунтук токтосун!» деген лозунгдарды көтөрүп алышкан.

Белгилей кетсек, мындай жөө жүрүш өткөн аптада да болгон.

Эске салсак, 22-октябрда «Кемпир-Абадды» коргоо комитети түзүлүп анын курамына бир катар саясатчылар, ЖК депутаттары жана активисттер кирген.

23-октябрда комитеттин айрым мүчөлүнүн үйлөрү тинтүүгө алынып, ондон ашык саясатчылар менен жарандык активисттер 48 саатка камалды.

Ички иштер министрлиги бул боюнча маалымат таратып, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Массалык баш аламандык уюштурууга даярдануу» беренеси боюнча козголгон кылмыш иши боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын кабарлаган.

Количество просмотров: 567