Испаниялык “Реал” футбол клубу казакстандык “Кайрат” командасын 5-0 эсебинде утуп алды. Беттеш Чемпиондор Лигасынын негизги этабынын алкагында Алматыдагы “Борбордук” стадионунда өттү.
Казакстандын Алматы облусунун “Кайрат” футбол клубу 26-августта шотландиялык “Селтик” клубун утуп, тарыхында биринчи жолу футбол боюнча Европадагы негизги турнир — Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычына чыккан.